Нидерландиянын Орусиядагы консулдугу Шенген визасы үчүн орусиялык документтерди кабыл алууну токтотту. Гуманитардык негиздер боюнча, өзгөчө саясий качкындар үчүн өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн. Нидерландиянын улуттук визаларын берүү улантылды.
Март айынын аягында Нидерландия дипломатиялык статуска туура келбеген ишмердүүлүккө шектелип, 17 орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жиберди. Буга жооп катары Орусия 15 голландиялык дипломатты өлкөдөн чыгарган. Элчиликтин кызматкерлери кыскартылды, Шенген визасын берүү менен алектенген эч ким жок. Бул Голландиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий түшүндүрмөсү.
Жарыяланган күнү: 20.05.2022- телеграмма
- YouTube